2025-04-29
2025-жылдын 23-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Кесиптик колледжинде билим алган студенттердин эмгектерин камтыган «Студенттердин практикалык көргөзмөсү» ачылды.
КТМУ Кесиптик колледждин студенттеринин эмгектери коюлган жыл жыйынтыгы боюнча көргөзмөнүн ачылышына КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессор Режаи Доган, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, университетибиздин окутуучулары, административдик кызматкерлери жана студенттер катышты.
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан студенттерди окуу жылы бою алган билимдерин практика менен айкалыштыруу ийгиликтүү эмгектерди жараткандары үчүн куттуктады. Ошондой эле көргөзмөдө эмгектери орун алган студенттерге жана аларды тарбиялаган окутуучуларга ыраазычылык билдирди.
Көргөзмөгө коюлган эмгектерге салым кошкон окутуучуларды жана студенттерди куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз.