2025-04-29


Кесиптик жогорку мектебибиздин мугалимдери И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжи менен кызматташуу жолугушуусун өткөрдү


2024-жылдын 25-апрелинде Кесиптик жогорку мектебибиздин мүдүрү проф. др. Мирбек Турдуев, мүдүр жардамчысы др. Гульмира Ажыгулова жана ага окутуучу Мехмет Рүштү Чифтчи И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин (КМТУ) Политехникалык колледжине илимий жолугушуу максатында барышты. Жолугушуунун негизги максаты – эки жогорку окуу жайдын ортосунда окуу-илимий жана практикалык кызматташууну чыңдоо болду.  
Жолугушуу учурунда студенттер арасында билимдердин сапатын жогорулатуу, олимпиадаларды уюштуруу, илимий иштерди коомдоштуруу сыяктуу маселелер талкууланды. Ошондой эле, колледждин көргөзмөсүнө катышып, ал жерден  инновациялык долбоорлор менен таанышты.  
Бул жолугушуу келечекте аралык билим берүүнүн стандарттарын жакшыртууга, студенттердин көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга негиз түзөт. Эки тараптын өкүлдөрү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, алдыга жылма-жыл жүргүзүлүүчү иш-чараларды пландаштырышты.