2025-06-18


КТМУ Кесиптик колледждин окутуучулары Таш-Дөбө интернат-гимназиянын окуучулары үчүн жылуулук жаратты


2025-жылдын 17-июнунда Кыргызстандын билим берүү тармагында коомдук жоопкерчиликтин жакшы үлгүсү көрсөтүлдү. КТМУ Кесиптик колледжинин техникалык программалар бөлүмүнүн окутуучулары  Г. Ажыгулова, М. Өжал, М. Вурал жана  М. Р. Чифтчи “Таш-Дөбө интернат- гимназиясынын”  жатаканасына социалдык жоопкерчилик иш-чарасынын негизинде колдоо көрсөтүштү.  

Бул иш-чара Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин социалдык жоопкерчилик иш-чарасынын алкагында ишке ашырылып, коомдук жактан жоопкерчиликти күчөтүүдө жана билим берүү мекемелеринин өз ара өнүгүүсүнө мисал болду.  Окутуучулар университет тарабынан бөлүнгөн бюджетти натыйжалуу пайдаланып, 18 бут кийим шкафы жана пуфиктерди даярдап , аларды гимназияга алып барып орнотушту. 

 Бул демилге интернаттын окуучулары үчүн жылуу жана жайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.  

Иш-чаранын максаты – коомго жоопкерчиликтүү мамиле жана биримдик маанайын күчөтүү. Окутуучулар бул иш-аракеттин аркылуу окуучуларга жана коомго үлгү болуп, билими менен кошумча эмгектенүүнүн маанисин көрсөтүштү.  

Иш-чара колледждин “Билим – коом үчүн” деген принцибинин ишке ашырылышы катары таанылды жана келечекте да ушул сыяктуу жакшы иштерди улантууну көздөйт.