2023-03-03

"Мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү областтары" аттуу семинар-тренинг


Үстүбүздөгү жылдын 22-февралында ага окутуучу Гүлзаада Абдралиеванын демилгеси менен колледждер арасындагы мобилдүүлүк алкагында семинар-тренинг уюштурулду. Семинар-тренингдин темасы:"Мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү областтары" болду. Тренинг И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык колледжинин "Чет тилдер жана мектепке чейинки билим берүү" кафедрасынын окутуучусу, педагогиканын магистри Жаныбекова Гулшайыр Жаныбековна тарабынан Кесиптик Жогорку мектебибиздин "Мектепке чейинки билим берүү" программасынын студенттери үчүн даярдалып, жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.