2023-03-09

Бишкек шаарындагы №4 кесиптик лицейдин окуучулары бизде мейманда


Үстүбүздөгү жылдын 3-март күнү Бишкек шаарындагы №4 кесиптик лийцейинин окуучулары, лицейдин мүдүрү Усупбаева Эрмекгүл Раимбековна жана курулуш-оңдоо иштери боюнча мастер Абдылдаева Жылдыз Карыповна менен биргеликте колледжибизге мейманга келишти. Келген меймандарды Кесиптик колледжибиздин мүдүрү Махмут Вурал жана анын орун басары Гүлмира Ажыгулова тосуп алышты. Аларды окуу жайыбыздын материалдык-техникалык базасы менен тааныштырып, окуу процесси тууралуу кеңири маалымат беришти.