2022-12-29

Мамлекеттик сыйлыкка татыган мугалимибиз


2022-жылдын 29-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө көп жылдардан бери эмгеги сиңген Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алардын ичинде Кыргыз-Түрк Манас университетинин Кесиптик жогорку мектебинин улук окутуучусу, техникалык илимдердин кандидаты, доцент Кадаңбай Бактыгулов Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу ардактуу наамына татыды. Кесиптик жогорку мектептин жамааты Кадаңбай агайды жогорку мамлекеттик сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана мындан ары дагы болочок курулушчуларды тарбиялоодо албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!