2023-04-05

Ишканалар менен кызматташуу иш-чаралары уланууда


Үстүбүздөгү жылдын 5-апрель күнү колледжибизге кызматташуу максатында  'Borusan Makina Kyrgyzstan' LLP ишканасынын кызматкерлери; адам ресурсстарын башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Анна Дубикова айым менен окутуу бөлүмүнүн адиси Иван Сердюк мырза келишти. Келген конокторду мүдүрүбүз Махмут Вурал мырза өз бөлмөсүндө тосуп алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошол эле замат кызматташуу боюнча келишимиге коюлган соң, меймандарыбызгы колледжибизди кыдыртып, кеңири тааныштырды.