2023-04-27

Колледжибизде "Бухгалтерлер жумалыгы" болуп өттү


24-26-апрель күндөрү кесиптик колледжибизде "Бухгалтердик эсеп биздин жаныбызда"деген темада бухгалтерлер жумалыгы өткөрүлдү. Ачылыш күнү бухгалтердик жумалыктын катышуучуларына колледждин мүдүрү Махмут Вурал куттуктоо сөзү менен кайрылды, ошондой эле мүдурдүн орун басары Гүлмира Аджигулова куттуктоо сөзүн айтты.   
Андан соң 5 команданын курамында болгон студенттер квест оюнун өтүштү. Бул мелдеште "Мектепке чейинки билим берүү" программасынын командасы жеңишке жетишти. 
Экинчи күнү "Менеджмент", "Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо" программаларынын жана "Экономика жана башкаруу факультетинин" студенттеринин арасында өткөрүлгөн "Ким миллионер болгусу келет"оюну менен аяктады.   
Бухгалтерлер жумалыгынын акыркы күнү коноктордун лекциясына арналды. Чакырган коногубуз биздин колледждин "Экономика жана бухгалтердик эсеп" программасынын бүтүрүүчүлөрүнөн Нурайым Орозобекова, учурда "ЭНЕС ДАНЫШМАНЛЫК" ЖЧКнын бухгалтери болуп эмгектенет.   
Жогоруда аталган иш-чара окутуучу Насикат Алиева жана  "Экономика жана бухгалтердик эсеп"программасынын биринчи, экинчи курсунун студенттери тарабынан уюштурулган.