2023-04-24

Колледж окутуучуларынын тажрыйба алмашуусу


КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбору тарабынан  жүргүзүлүп жаткан орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын билимин жогорулатуу курстарынын алкагында республиканын ар кайсы райондорунан келген угуучулар кызматташуу жана тажрыйба алмашуу максатында колледжибиз менен таанышты. 

Аталган иш чара 20-апрель күнү болуп өттү. Жолугушуу учурунда колледжибиздин  жетекчилиги келген меймандарды тосуп алып, окуу жайыбыз менен тааныштырып, окуу процесси, материалдык техникалык базасы жөнүндө кеңири маалымат беришти. Келген меймандар бардык маалыматтарды өтө чоң кызыгуу менен кабыл алышып, ыразычылык билдирип кайтышты.