2023-05-24

Эмерек дизайны, архитектуралык макетти долбоорлоо жана колго жасалган оюнчуктардын көргөзмөсү


Быйыл биринчи жолу Кесиптик колледжибизде салтка айланган Архитектуралык моделдик дизайн, Балдар оюнчуктары кол өнөрчүлүк көргөзмөбүзгө үч өлчөмдүү эмерек дизайн сүрөт галереясын коштук. 2010-жылдан бери бүтүрүүчүлөрүн дүйнөнүн көптөгөн өнүккөн өлкөлөрүнө кадр катары даярдап берген биздин колледж практикалык билим берүүгө маани берет. Бул көргөзмөдө студенттерибиздин таланттарын академиялык кызматкерлерге жана студенттерге тартуулоону максат кылдык.

Көргөзмө 2023-жылдын 24-майында университетибиздин «Курманжан Датка» көргөзмө залында "Эмерек дизайны, архитектуралык макетти долбоорлоо жана колго жасалган оюнчуктардын көргөзмөсү" аталышында өттү. Көргөзмөгө Кесиптик колледжибиздин "Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо", "Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо" жана "Мектепке чейинки билим берүү" программаларынына 1-2-курсунун студенттеринин иштери коюлду. Көргөзмөгө ректорубуз Алпаслан Жейлан катышты. Кесиптик колледждин мүдүрү Махмут Вуралдын ачылыш сөзүнөн кийин сөз ректорубузга берилди. Ректорубуз сөз учурунда салым кошкондордун баарына, өзгөчө мүдүрүбүзгө ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.

Көргөзмөгө коюлган бардык эмгектер келген коноктордун кызыгуусуна ээ болуп, өзгөчө колго жасалган балдар оюнчуктары элдин көңүлүн буруп, ректорубуздун сунушу менен Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган балдарга жөнөтүү чечими кабыл алынды.