2023-05-10

Ата-энелер чогулушу


28.04.2023ж. Кесиптик колледжибиздин бардык программалырынын 1-курс студенттеринин ата-энелери үчүн чогулуш өттү.  Колледждин директору Махмут Вурал ата-энелерге ар бир программа боюнча, колледждин иши жана окуу жайдын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ата-энелер окуу жай сунуштаган анкеталарды толтурушту. Андан кийин жолугушуунун алкагында ата-энелер колледждин имаратын кыдырууга чакырылды, анын максаты чакырылган конокторго балдары кайда жана кантип окуп жатканын ачык көрсөтүү болду.