2023-05-04

Биздин офис менеджментинин бүтүрүүчүсүнүн иш сапары


Колледжибиздин бүтүрүүчүлөрүнүн бири  Айзирек Салиева 4-май күнү бизге мейманга келди. Учурда ал Кыргызстандагы "Жашыл Ай" коомдук бирикмесинде эмгектенет.

Айзирек кызыбыз окуу жайыбыздын берген билиминен ыраазы экендигин билдирип, ыракматын айтты. Өз кезегинде колледжибиздин мүдүрү Махмут Вурал дагы мейманыбызга ыраазычылыгын билдирип, ишине ийгиликтерди каалады.