2022-04-24

Спастик студенттерге бардык


24.04.2022-жылы Техникалык программалар бөлүмүнүн башчысы доц. Dr. Абдулла Эрдал Түмердин төрагалыгы астында бир топ студенттерибиз спастикалык инсандар жашап, билим алып жаткан мамлекеттик мектепке барышты.

Аталган зыярат учурунда студенттерге түрдүү тамак-аштар жана мөмө-жемиштер берилди. Окуучулардын булчуңдарын өнүктүрүү үчүн ар кандай оюнчуктар берилип, чогуу оюндар ойнолуп, сүрөттөр тартылды.

Мындан тышкары, спастикалык инсандар үчүн оригами техникасы менен жөнөкөй кемелер, бакалар, шляпалар жана вертолеттор жасалып, жагымдуу көз ирмемдер чогуу өткөрүлдү. Окуу жайдын жетекчилери канааттануу жана ыраазычылыктарын билдиришкенден кийин, иш сапар кайрадан жолугуп, зыярат кылуу каалоолору менен аяктады.