2023-07-08

Бухгалтерия боюнча олимпиадага катыштык


2023-жылдын 18-майында Байкал мамлекеттик университети тарабынан Бухгалтердик эсеп, салык салуу жана экономикалык анализ боюнча студенттик олимпиада өткөрүлдү. Аталган олимпиадага Москва, Астрахань, Владивосток, Курск, Пенза, Красноярск жана Россиянын башка шаарларынын жана Кыргызстан менен Өзбекстандын бакалавриат, магистратура жана адистик даражаларын көрсөткөн ар кандай деңгээлдеги 44 команданын курамында 130дан ашык студенттери катышты. Олимпиадага катышкан биздин колледждин биринчи жана экинчи курсунун студенттери билимдерин жогорку деңгээлде көрсөтүп, тиешелүү сертификаттар менен сыйланышты.