2021-09-22

“Кош келдин студентим” аттуу иш-чара өткөрүлдү


2021-жылдын 22-сентябрында Кесиптик жогорку мектебибиздин Экономикалык жана административдик программалар бөлүмү тарабынан “Кош кел, студентим” аттуу онлайн жолугушуу иш-чарасы уюштурулду. Жаңы окуу жылынын ачылышы менен катар окуу жайдын илимий кызматкерлери жана студенттердин катышуусунда өткөрулгөн иш чарада Кесиптик жогорку мектебибиздин мүдүру доц.м.а., PhD Махмут Вурал агайыбыз арабызга кошулган жаңы студенттерибизди куттуктап, аларга бардык мүмкүнчүлүктөрдү тартуулоого дайын экендигин  билдирди.