2023-09-28

Конья Соода палатасынын технология жана билим берүү кампусуна иш сапар


2023-жылдын 16-август күнү Жогорку кесиптик окуу жайыбыздын Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо программасынын окутуучусу Мустафа ӨЖАЛ жана Турциянын Мехмет Туза Пакпен кесиптик жана техникалык Анадолу лицейинин директорунун орун басары Саит БУЛУТ Конья Соода палатасынын технология жана билим берүү кампусуна иш сапарга барышып, кампустун ичиндеги түрдүү бөлүмдөр жана иш-чаралар тууралуу маалымат алышты. Конокторду кабыл алып, аларга маалымат берген Конья Соода-өнөр жай палатасынын технология жана билим берүү кампусунун мүдүрү Дурмуш АКДОГАНга ыраазычылык билдиребиз.