2021-09-29

Бүтүрүүчүлөрдүн стипендиялары


Кесиптик жогорку мектептин Курулуш программасынын 2012-жылкы бүтүрүүчүлөрү Эргашев Жахангир, Махсидов Бахтияр, Каримкулов Аслидин өздөрү окуп бүтүргөн окуу жайын жогору баалап, бүтүрүүчүлөр менен кийинки муундардын байланышын чыңдоо, азыркы окуп жаткандарды кызыктыруу максатында окууда жакшы ийгиликтерди жараткан окуучулар үчүн стипендяларды дайындоо боюнча демилге көтөрүп чыгышты. Демилгенин шарты боюнча  окууда эң жакшы баллдарга татыган 3 студентке семестр боюнча стипендия каралган. Биринчи стипендиялар өткөн окуу семестринин жыйынтыгы боюнча өз ээлерин тапты.

29.09.2021