2021-10-08

Novotel Cıty Center борбору менен таанышуу


“Өндүрүштүк практика”  сабагынын алкагында Кесиптик жогорку мектебинин “Туризм” программасынын 2-курсунун студенттери 08.10.2021 күнү окутуучу  Мадина Өзтүрктүн жетекчилигинде  “Novotel City Сenter” мейманканасына барышты. Аталган иш чарада  студенттер мейманкана бизнесинин мисалында сабакта алган теориялык билимдерин бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышты.  Студенттер мейманкананын жалпы аймагын кыдырып, мейманкана тууралуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мындан тышкары, студенттерге мейманканада иштөө жана стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча  жетекчилик тарабынан маалымат берилди.