2021-10-22

Маркум Мухаррем агайыбызды эскерүү программасы уюштурулду


22.10.2021 күнү 2019-жылы каргашалуу кырсыктан каза болгон Жогорку мектебибиздин “Туризм”  программасынын жетекчиси Мухаррем Кая агайды  эскерүү программасы болуп өттү.

Жогорку мектептин мүдуру доц.м.а. PhD Махмут Вурал маркум агайыбыздын аткарган эмгектерин эскерип, үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Теология факультетинин доценти PhD Али Йүксек устатыбыз шакирттери менен бирге Ясин-и Шериф окушуп, сообун маркум агайыбыздын рухуна багышташты.