2023-11-06

Университеттер арасындагы конкурска катыштык


 2023-жылдын 23-октябрында М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономика университетинин 70 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн «Экономика өзгөрүү доорунда» аттуу макала сынагына катышкан окуу жайыбыздын Бухгалтердик эсеп программасынын 2-курсунун студенти Перизат Үсенбаева II-даражадагы диплом менен сыйланды.  Сынакка катышкан башка студенттерибиз Адилбек Расданова, Нурайым Сыдыкова жана Айтурган Патидиновага белектер жана катышуу сертификаттары тапшырылды.