2023-11-21

Окутуучубуз Гулзаада Абдралиева студенттер практикадан өтүп жаткан бала бакчага барды


2023-жылдын 16-ноябрында КТМУнун Кесиптик колледжинин окутуучусу Гүлзаада Абдралиева Мектепке чейинки билим берүү программасында билим алып жаткан студенттердин практикадан өтүп жаткан "Уникум PLUS" бала бакчасында жолугушуу өткөрдү.

Бала бакчанын жетекчиси Назира Аслымбекова, Мектепке чейинки билим берүү программасынын студенттеринине ыраазычылыгын билдирди. Аны менен катар эле студенттердин билим деңгээлдери жогору болгондугун жана иштөөгө абдан дилгир экендиктерин баса белгилеп, алар менен иштешкенине кубанычта экендиктерин айтты. Ошондой эле Манас университети менен тыгыз кызматташтыкта болгондугуна сыймыктанаарын жана мындай кийин да ар дайым биргеликте иш алып барууга кызыктар экендиктерин билдирди.