2023-12-12

“Имараттарды жер титирөөгө каршы бекемдөө ыкмалары” аттуу семинар болуп өттү


2023-жылдын 6-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кесиптик колледжинде “Имараттарды жер титирөөгө каршы бекемдөө ыкмалары” аттуу семинар болуп өттү. Кесиптик окуу жайдын профессору  Эбру Дурал берген бул семинарга колледждин директору доценттин м.а. Мехмет Вурал, окутуучулар жана студенттер катышты.

Семинарда жер титирөөнүн айлана-чөйрөбүзгө жана жакындарыбызга зыянын тийгизбөө үчүн аткара турган чаралар бар экендиги баса белгиленип, оңдоо жана бекемдөөдө колдонулган материалдар, оңдоо жана бекемдөө ыкмалары тууралуу маалымат берилди.