2023-12-19

Кесиптик колледжибизде “Курулуш жана жер титирөөлөр” аттуу панел өткөрүлдү


Иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, кесиптик жогорку мектептин мүдүрү, доц.м.а.док. Махмут Вурал, сырттан конок болуп келишкен профессор Жаныбек Маматов, профессор Конушбек Темикеев, профессор Мухтар Апсеметов жана профессор Марат Абдувалиев, доцент Жакшылык Кожобаев, колледжибиздин окутуучулары профессор Эбру Дурал, техн. И.к. Гулмира Ажыгулова жана студенттер катышты.
Баяндамачылар жер титирөөнүн кесепеттерин терең анализдөө керектигин сунушташып, имараттардын жана курулуштардын кыйроо себептерин, пайдаланылган материалдардын сапаты жана курууда эске алынышы керек болгон жагдайлар тууралуу кеңири маалымат беришти.
Иш-чара баяндамачыларга ыраазычылык баракчаларын тапшыруу менен соңуна чыкты.