2023-12-22

‘Айданек’ балдар үйүнө зиярат


Университетибиздин социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында  2023-жылдын 22-декабрында Кесиптик колледжибиз ‘Айданек’ турмуштун оор кырдаалында турган балдарды реинтеграциялоо борборуна барышты.

Бул өзгөчө иш-чара биздин кесиптик окуу жайдын студенттер кеңешинин президенти Султанмурат Дүйшебековдун жетекчилиги астында биздин студенттер тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага биздин кесиптик окуу жайдын окутуучулары Убейдулла Шенер, Гүлзаада Абдралиева жана Насикат Алиева жана студенттерибиз катышты.

‘Айданек’ борборундагы балдар үчүн студенттерибиз тарабынан даярдалган кызыктуу оюн-зооктор  уюштурулуп жана ар кандай белектер тартууланды.