2023-12-26

“Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүдөгү күтүүлөр жана бул сектордун адистери үчүн мүмкүнчүлүктөр” аттуу семинар өткөрүлдү


Кесиптик колледжибиздин Туризм программасы тарабынан 2023-жылдын 20-декабрында MYO 118 аудиториясында “Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүдөгү күтүүлөр жана бул сектордун адистери үчүн мүмкүнчүлүктөр” аттуу семинар уюштурулду. Колледжибиздин мүдүрү доценттин м.а. PhD Махмут Вуралдын ачылыш сөзү менен башталган иш-чарага университетибиздин бүтүрүүчүсү Эльдар Шабданов баяндамачы катары катышты. Ал семинарда талкууланган темалардын арасында Туруктуу туризм, санариптештирүү, пандемиядан кийинки саякат тенденциялары жана дестинацияларды башкаруу сыяктуу темаларды баса белгиледи. Колледжибиздин окутуучулары менен студенттеринин кызыгуусун жараткан семинар Шабдановдун баяндамасынан кийин суроо-жооп менен жыйынтыкталды.