2023-12-26

“Шамдагайлар таймашы 2023” конкурсу өткөрүлдү


2023-жылдын 21-декабрында Кесиптик колледжибиздин мектепке чейинки билим берүү программасынын 1-курсунун студенттери окутуучубуз Гүлзаада Абдралиеванын жетекчилигинде  “Шамдагайлар таймашы 2023” аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүштү. 10 команда катышкан мелдештин жыйынтыгында 1-орунга 'SMILE' командасы, 2-орунга 'NO NAME', 3-орунга “Белые негры' жана 4-орунга 'Слизерин' командалары ээ болушту. Жеңүүчүлөргө мектепке чейинки билим берүү программасы тарабынан атайын сертификаттар жана белектер тапшырылды,