2024-02-19

Жер 6-февралдагы Жер титирөөнү эскерүү программасы өткөрүлдү


2024-жылдын 13-февралында, КТМУнун кесиптик жогорку мектеби тарабынан 6-февралдагы зилзаланын бир жылдыгына карата иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жана издөө-куткаруу тобу, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, кесиптик жогорку мектебинин мүдүрү, Доц.м.а.док. Махмут Вурал, профессордук-окутуучулук курам жана көптөгөн студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КТМУнун кесиптик жогорку мектебинин курулуш программасынын окутуучусу, профессор Эбру Дурал “Кахраманмараштагы жер титирөөлөр жана жер титирөөлөргө каршы көрүлө турган чаралар” темасында баяндама жасады.

Программанын алдында коноктор 6-февралдагы жер титирөө боюнча маалымат фотосүрөт көргөзмөсүн көрүштү. Зилзаланын азаптуу эскерүүлөрүн чагылдырган кадрлар эмоционалдуу сезимдерди жаратты.