2024-03-04

Бишкек түрк мектебине зиярат


2024-жылдын 28-февралында КТМУнун кесиптик лицейи Социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында Бишкек Түрк мектебине маңыздуу иш сапары менен барды. Биздин лицейдин ага окутуучусу Мустафа Өжалдын жетекчилигинде жана кызматкерибиз Надежда Нагорныйдын колдоосу менен  түстүү кийизден жасалган түрк алфавити, онго жакын тегеректөө тактасы, сыйкырдуу сөздөр тактасы, жуманын күндөрү тактасы, убакыт тактасы, так жана жуп сандар тактасы жана жыгачтан жасалган окуу материалдары Бишкек түрк мектебине берилди.

Кесиптик лицейдин директору  доц.м.а. PhD Махмут ВУРАЛ өз сөзүндө: «Биздин билим берүү материалдарыбыз балдардын ичке жана чоӊ кыймыл булчуңдарын активдүү колдонууга жардам берүү менен натыйжалуу жана туруктуу үйрөнүүнү, конкреттүү жана тажрыйбага негизделген окуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыздаарын» айтып өттү.