2024-03-04

Биздин кесиптик окуу жайыбыз илимий изилдөө долбоорлорунун (BAP) алкагында сектор менен кызматташууда


Университетибиздин кесиптик лицейинде доцт.м.а. PhD Гүлнара Карадениздин жетекчилиги менен илимий долбоор ишке ашырылууда. Бул долбоор КТМУнун Илимий Изилдөө Долбоорлорунун (BAP) алкагында иштелип чыккан жана "Яшар Групп" компаниясы тарабынан колдоого алынган. Долбоорго инженердик факультеттин окутуучусу PhD Мехмет Карадениз, PhD Айбек Бодошов жана өндүрүштүк инженерия бөлүмүнун 4-курсунун студенти Айдар Ажыбеков катышууда.

Долбоорубуздун ийгиликтүү жүрүшү үчүн 2024-жылдын 15-февраль күнү Яшар Групптун сапатты башкаруу боюнча жооптуу менеджерлери Васипов Кемал Мустафаевич, Эркинбекова Касиет Эркинбековна жана Бажкова Наталья Сергеевна менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда кызматташтыктын эки тарап үчүн пайдалуу жактары кеңири талкууланды. Яшар Группасынын жетекчилери да бул жолугушуудан абдан ыраазы болушту.

Бул кызматташтык, академиялык жана өндүрүштүк тармактарда биргелешкен изилдөөлөрдүн маанилүүлүгүн баса белгилейт жана университетибиздин илимий изилдөөлөрдөгү ийгилигин арттырат. Долбоорубуздун бардык катышуучуларын куттуктайбыз жана иштерине ийгилик каалайбыз.