2024-04-15

Кесиптик колледждин маркетинг программасынын "2023-бүтүрүүчүлөрү менен ифтар тамагы”.


Кыргызстан-Түркия Манас Университетинин (КТМУ) Кесиптик Мектептин Маркетинг программасынын окутуучулары доценттин м.а. Гулнара Карадениз жана окутуучу Убейдуллах Шенер 2024-жылдын 1-апрелинде «2023 бүтүрүүчүлөрү» тарабынан уюштурулган ифтарда  бутүрүүчүлөрүбүз менен жолугушту.  Бүтүрүүчүлөрүбүз менен жагымдуу баарлашуу менен ооз ачышып, бүтүрүүчүлөрүбүздүн өткөн жылдагы маанилүү жетишкендиктери тууралуу сөз болду.

Бул өзгөчө иш-чарада биздин бир бүтүрүүчүбүз престиждүү «Супара этнокомплексинде» сатуу бөлүмүндө иштеп баштаганы, эки студентибиз Кыргызстан-Түркия Достук ооруканасынын адам ресурстары жана сатуу бөлүмдөрүндө эмгек жолун баштаганы белгилүү болду. Мындан тышкары курулуш тармагынын маркетинг бөлүмүндө иштеген эки бүтүрүүчүбүздүн жана тикелей которулуу менен академиялык жолун уланткан үч бүтүрүүчүбүздүн жетишкендиктери да кубануу менен кабыл алынды. Ошондой эле биздин айрым “2023 бүтүрүүчүлөрү” эл аралык аренада, өзгөчө Дубайда, Англияда жана Орусияда кесиптик тармактарында жумушка орношуп жатышканы белгилүү болду.

Кыргыз-Түрк Манас университетинин үй-бүлөсү катары биз бүтүрүүчүлөрүбүздүн кесиптик жетишкендиктерин жана ийгиликтерин сыймыктануу менен баалайбыз. Алардын карьералык саякаттарында жетишкендиктери жана ийгиликтери университетибиздин академиялык жана билим сапатынын чагылышы. Биз бүтүрүүчүлөрүбүздүн келечектеги кесиптик ийгиликтерине колдоо көрсөтүүнү улантабыз жана алардын ар бирине жаркын келечек каалайбыз.