2024-04-18

БАК ТИГҮҮ - БАКЫТ ТИГҮҮ ДЕГЕНГЕ БАРАБАР...


Университетибиздин айланасын көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга салым кошуу максатында Кесиптик колледжибиздин бухгалтерия, менеджмент жана мектепке чейинки билим берүү программалардын студенттери  бакчага абрикос, алма жана алмурут көчөттөрүн тигишти. Бак тигүүгө жигердүү катышкан студенттерге, колдоо көрсөткөн мүдүрүбүз Махмут Вуралга, мүдүр жардамчысы Гулмира Ажыгулова, окутуучуларыбыз Насикат Алиева, Гүлзаада Абдралиева жана факультетин катчысы Солтобай Зарипбековго тереӊ ыраазычылык билдиребиз.  

Жакшылыктын үрөнү дал ушундай жөнөкөй иштер менен себилет. Жаратылышты коргоого, жакшылык издөөгө ниеттенген жарандарыбыз көп болсун!