2024-04-18

“Альфа-муун” атындагы практикалык кабинет


Колледжибиздин Мектепке чейинки билим беруу программасынын студенттери үчүн “Альфа-муун” атындагы практикалык кабинет ачылды. Аталган кабинетке университетибиздин кызматкерлери (саат 14.00-16.00) 3-6 жаштагы балдарын алып келишүүдө. Студенттерибиз аларды түрдүү нейро оюндарды ойнотуу менен биргеликте нейро көнүгүүлөрдү жасатышат жана окутуунун интерактивдүү ыкмаларын колдонуу менен сабактарды өтүшөт. “Альфа-муун” атындагы практикалык кабинетке окутуучубуз Гулзаада Абдралиева жооптуу.