2024-04-24

Бухгалтерлер жумалыгы


Үcтүбүздөгү жылдын 16-17-апрель күндөрү колледжибизде “Бухгалтерлер жумалыгы” өткөрүлдү. Ачылыш сөзүн куттуктоо менен баштаган мүдүрүбүз Махмут Вурал жаштарга ийгилик каалады, ошондой эле мүдүрдүн жардамчысы Гулмира Ажыгулова да куттуктоо сөзүн айтты. Андан соӊ студенттер тарабынан даярдалган концерт аншлаг менен өттү. Концертте конок катары Манас университеттин Дастан комуз группасы,  Айыл-чарба факультетинин студенти Русланов Искендер, Көркөм өнөр факультетинин студенти Ишенбекова Айназик жана  Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студентти Турдалиева Гүлүм өз өнөрлөрүн тартуулашты.

17-апрель  күнү өткөрүлгөн интелектуалдык оюнга 8 команда катышты. Бул оюнда Менеджмент программасынын студенттери жеӊишке жетишти. Экинчи орунду Мектепке чейинки билим берүү командасы ээлесе, үчүнчү орунду Курулуш программасынын студенттери ээлешти.