2024-05-14

“Заманбап билим берүү системасындагы логопеддин ролу’ аттуу семинар өткөрүлдү


Мектепке чийинки билим берүү программасынын ага окутуучусу Гүлзаада Абдралиева 2024-жылдын 30-апрелинде саат 14:00дө MYO 118 – семинар залында  “Заманбап билим берүү системасындагы логопедиянын ролу” деген темада семинар уюштурду. Семинарга конок баяндамачы катары катышкан И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу Жамила Дунганова студенттерибизге жана окутуучулар курамына логопедия боюнча кеңири маалымат берди.