2024-05-16

КТМУ Кесиптик жогорку колледжинден эмерек дизайны, архитектуралык макетти долбоорлоо жана колго жасалган балдар оюнчуктарынын көргөзмөсү


2024-жылдын 15-майында Курманжан Датка көргөзмө залында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Кесиптик колледжинде билим алган студенттердин эмгектерин камтыган «Компьютердик эмеректин дизайны, архитектуралык моделдик дизайн жана колго жасалган балдар оюнчуктарынын көргөзмөсү» ачылды.

КТМУ Кесиптик колледждин студенттеринин эмгектери коюлган жыл жыйынтыгы боюнча көргөзмөнүн ачылышына Кесиптик колледждин директору доц.м.а. Махмут Вурал, КТМУ Көркөм өнөр факультетинин деканы профессор Чагатай Акенгин, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлшайыр Каныбекова жана окутуучусу Гүлзар Акматалиева студенттери менен, КТМУнун курулуш иштери бөлүмүнүн башчысы Онур Дурал, кесиптик колледждин окутуучусу профессор Эбру Дурал, кесиптик колледждин директорунун орун басары Dr. Гүлмира Ажыгулова, университетибиздин окутуучулары, административдик кызматкерлери жана студенттер катышты.

Көргөзмөнүн ачылышында сөз сүйлөгөн КТМУ Кесиптик колледждин директору доц. м.а. Махмут Вурал студенттерди окуу жылы бою алган билимдерин практика менен айкалыштыруу ийгиликтүү эмгектерди жараткандары үчүн куттуктады. Вурал ошондой эле көргөзмөдө эмгектери орун алган студенттерге жана аларды тарбиялаган мугалимдерге ыраазычылык билдирди.

Вуралдын сөзүнөн кийин катышуучулар менен көргөзмө ачылып, көргөзмөдөгү эмгектер чоӊ кызыгуу жаратты.

Көргөзмөгө коюлган эмгектерге салым кошкон ага окутуучулар Гулмира Ажыгулова, Мустафа Өжал жана Гулзаада Абдралиеваны жана студенттерди куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз.