2024-05-17

МУУНДАР ЖОЛУГУШУУСУ


2024-жылдын 23-апрель күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) “Кесиптик колледжибиздин маркетинг программасынын 2020” бүтүрүүчүлөрү тажрыйба алмашуу максатында колледжибизде келишти. Алар иш сапарынын алдында биздин биринчи курстун студенттерине «Колдонулуучу сценарий» аталышта тапшырма жөнөтүштү. Жолугушууга келгенде тапшырманын алкагында консультациялар өткөрүлүп, 3 ийгиликтүү топ аныкталды.

Бул иш-чара Маркетинг программасынын координатору доц. м.а. Гүлнара Карадениз жана ага окутуучу Убейдулла Шенер тарабынан уюштурулган. Бүтүрүүчүлөрүбүз студенттер менен маектешүүдө маанилүү ойлорун, сунуштарын ортого салып, иш-чара 1-2-курстун студенттери үчүн абдан пайдалуу болду. Иш-чара эки бөлүктө өттү: Биринчи бөлүгүндө бүтүрүүчүлөрдүн тажрыйбасын жайылтуу жана бөлүшүү жүргүзүлдү. Экинчи бөлүктө 1-курстун студенттеринин үй тапшырмалары көрсөтүлүп, баа берилди. Эки секциянын ортосундагы тыныгууда кофе-брейк форматында жемиш ширеси жана десерттер берилди.