2024-05-20

Мектеп окуучулары конокто


2024-жылдын 13-май күнү КТМУ Кесиптик колледжге Бишкек шаарындагы №80 мектептин директорунун орун басары Чороева Нуржан жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Тукуева Жанара 11-классынын окуучулары менен келишти. Окуучуларды мүдүрдүн орун басары т.и.к., Гульмира Ажыгулова,ага окутуучу Мустафа Ожал жана Жаңыл Махфурова тосуп алып колледжибиздин материалдык-техникалык базасы менен тааныштырып, аларга университет тууралуу маалыматтарды беришти.

Кесипти тандоо өтө жооптуу болгондуктан, аларга кесип тандоо боюнча багыт берүү максатында окутуучуларыбыз окуучуларга Колледждин бардык программалары жөнүндө маалымат берип, лаборатория жана окуу корпусун көрсөтүштү. Студенттерибиздин алып жаткан билими жогорку деңгээлде болуп, бүтүрүүчүлөрүбүздүн өз адистиги боюнча татыктуу ордун ээлегендиги баса белгиленди.