2024-05-20

ТИКАнын Президенти КТМУ Кесиптик колледжибизге келди


2024-жылдын 16-майында Түрк Кызматташтык жана Координациялык Агенттигинин (ТИКА) президенти Серкан Каялар Кесиптик колледжибизге иш сапары менен келди.  

ТИКАнын президенти Серкан Каялар ТИКАнын колдоосу менен Кесиптик колледжибизде курулган эмерек жана ширетүүчү устаканаларды көрүп чыкты. Мүдүрүбүз доц.м.а. Мaхмyт Вурал «Колледжибиздин бүтүрүүчүлөрү эмгек рыногунда маанилүү орун ээлегенин, студенттердин билим алуусунда практикага басым жасаларын, ТИКА тарабынан белекке берилген машиналар студенттердин практикасы үчүн чоӊ жардам болгонун жана университетибизди камсыздоодо абдан жакшы иштер жасалганын» айтып, конокторго устаканада машиналарды иштеттүү тажрыйбаларды көрсөттү.

ТИКАнын президенти Серкан Каялар иш сапардан кийин «Кесиптик колледжибиздин мүдүрү доц.м.а. Махмут Вуралга абдан ыраазы болуп, абдан жакшы иштерди жасаганын баса белгиледи. ТИКА катары «Манас» университети менен кызматташуунун алкагында аткарылган иштерди көрүп абдан кубандык»- деди.