2024-05-23

«Курултай-2024» аттуу жыйын өткөрүлдү


2024-жылдын 15-май күнү Колледжибиздин студенттери тарабынан өткөрүлгөн «Курултай-2024» аттуу жыйынга КТМУ Кесиптик колледжибиздин мүдүрү доц.м.а. Махмут Вурал, мүдүрдүн орун басары др. Серхат Атмажа баш болгон окутуучуларыбыз жана студентерибиз катышты. Жыйналышта 2023-2024 окуу жылындагы коомдук жана спорттук иш-чараларга активдуу катышкан студенттерге сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле жылдын жыйынтыктары айтылып, аныкталган мыкты студенттерге 6 номинация боюнча сыйлыктар тапшырылды. Кийинки жылдын сдуденттерине жаңы багыт көрсөтүлүп, окуу жайыбызда студенттик клуб ачуу маселеси ортого коюлуп, зарылчылыктары далилдер менен ачыкталып көрсөтүлдү. Колледжибиздин мүдүрү доц.м.а. Махмут Вурал студенттерди куттуктоо менен бирге, клуб ачуу маселесин КТМУ мыйзамдарына жараша карап чыгуу керектигин студенттерге түшүндүрдү.