2024-05-23

“Манас” университетибиздин кесиптик колледжинин студенттери конференцияда чоң ийгиликке жетишишти


2024-жылдын 27-апрель күнү Кесиптик колледжибиздин мектепке чейинки билиб берүү программасынын 1-курсунун студенттери ага окутуучу Гүлзаада Абдралиеванын жетекчилиги астында Орто Азия Эл аралык университетинин Гуманитардык-Техникалык колледжи тарабынан уюштурулган “Мектепке чейинки курактагы балдардын когнитивдик функцияларын өнүктүрүүдө оюн технологияларын колдонуу” аттуу студенттердин илимий конференциясына катышып келишти.

“Эӊ мыкты практикалык иш” номинациясында 1-орунду Жолдошова Мээримгүл,  “Эӊ мыкты доклад” номинациясында 2-орунду Самара Маматкадырова, “Эӊ мыкты презентация” номинациясында 3-орунду Өмүргазиева Нурзат ээледи. Ал эми ага окутуучубуз Гулзаада Абдралиевага уюштуруучулар тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Кыргызстандын Кесиптик колледждери арасында өткөрүлгөн конференцияда жеңишке жетишкен студенттерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз жана ийгиликтерди каалайбыз!!!