2024-05-29

Кубанычка толгон бир күн


2024-жылдын 17-майында КТМУнун Социалдык жоопкерчилик программасынын алкагында "Айданек" турмуштун оор кырдаалында турган балдарды реинтеграциялоо борбору мекемесине барышты. Иш сапарга КТМУнун Кесиптик колледжибиздин окутуучулары Гүлзаада Абдралиева, Насикат Алиева менен биргеликте Мектепке чийинки билим берүү жана Бухгалтерия  программаларынын студенттери катышты.

Кубанычтуу жана кызыктуу күн тартуулаган студенттерибиз балдарга нейрогимнастика жасатышып, бирге түрдүү оюндарды ойношту. «Төрт мезгил» аттуу театралдык оюн көрсөтүштү. Окутуучуларыбыз жана студенттерибиз алып барган оюнчуктар, таттуулар жана кийимдер  балдарды кубандырды.

Балдарды коргоо борборунун директору Элмира Темирбекова балдар абдан кызыктуу убакыт өткөрүшкөнүн айтып, КТМУга ыраазычылык билдирди. Ал мындай зыяраттар балдарды кубантып жатканын айтып, алардын мындан ары да улана беришин каалады.