2024-05-29

Кесиптик колледжибиз билим берүү программалары боюнча тиешелүү аккредитациялоодон ийгиликтүү өттү


2024-жылдын 1-2-апрель күндөрү КТМУ Кесиптик колледжибиз билим берүү программалары боюнча тиешелүү аккредитациялык текшерүүдөн өттү.

Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ААОПО) КТМУнун Кесиптик колледжибиздин 7 программасын аккредитациялык текшерүүдөн өткөрүп, кадрдык потенциалы, материалдык-техникалык базасы жана окуу-методикалык камсыздоосу жогорку кесиптик билим берүү жана кесиптик билим берүү ишин жүргүзүү үчүн коюлган бардык билим берүү стандарт талаптарына толук жооп бере тургандыгын белгилеп, 5 жылдык мөөнөт менен аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынды.

Бул ийгилик менен колледжибиздин жетекчиси доц.м.а. Махмут Вуралды, колледжибизде эмгектенген окутуучуларыбызды жана бардык кызматкерлерибизди куттуктап, алардын эбегейсиз зор эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.