2024-06-07

“Бөбөктөр Ааламдын Келечеги”


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жана Кесиптик колледжибиздин социалдык жоопкерчилик негизинде планданган иш-чаралардын арасында орун алган “”Төрт-Көл айылына зиярат” ишке ашырылды.   

2024-жылдын 31-май күнү  Чүй облусунун, Сокулук районунун, Төрт-Көл айылында жаӊыдан ачылган мамлекеттик бала бакчага Университетибиз тарабынан белекке берилген оюнчуктарды Кесиптик колледждин мүдүрүнүн орун басары PhD Серхат Атмажа тапшырып келди.  

Оюнчуктарды көрүп шаттанган бөбөктөр менен кошо кубанган айылдын башчысы Ибраимов Сейитбек, абдан кубанычта болгонун бөлүшүп, окуу жайдын жетекчилигине жана жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди жан ушул сыяктуу кызматташтык өркүндөп, боордош эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин бекемделишине салым кошушарын айтты.

Айыл тургундары жана бөбөктөр менен жолугушуу сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.