2024-06-11

ЖАРДАМ БЕРҮҮ – БИЗДИН МАДАНИЯТ


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кесиптик колледжинин социалдык жоопкерчилик долбоорлорунун бири болгон “№80 орто мектептин имаратын оңдоо” ишке ашырылды.

Кесиптик колледждин мүдүрү доценттин м.а. Махмут Вурал, мүдүрдүн орун басары т.и.к., Гульмира Аджыгулова жана ага окутуучу Мустафа Өжал, Манас университетинин атынан Бишкек шаарындагы “Шералы Назаркулов” атындагы №80-мектепке жардам берүү максатында барышты.

Университетибизден бөлүнгөн каражатка Кесиптик колледжибиздин устаканасынан жасалган 7 эшикти аталган мектепке жеткиришти.  

Мектептин жетекчиси Шүкүралиева Салтанат Калыбековна, абдан кубанычта болгонун бөлүшүп, окуу жайдын жетекчилигине жана жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди жана ушул сыяктуу кызматташтык өркүндөп, боордош эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин бекемделишине салым кошушарын айтты.