31-августта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мыкты делген инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө сыйлык алып жаткан замандаштарыбыз — бабаларыбыз түптөгөн эгемен Кыргызстанды андан ары өнүктүрүүгө ар тараптан салым кошуп келаткан атуулдар деп баса белгиледи.
Сыйлык алгандардын бири профессор, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин автомобилдик транспорт кафедрасынын башчысы,
Кыргыз - Турк Манас университетинин Кесиптик колледжинин профессору Давлятов Улукбек Рыскуловичке “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наам ыйгарылды.