2024-09-25

Курулуш жана архитектура сөздүгү жарык көрдү


Кесиптик колледжибиздин окутуучусу т.и.к., доцент Каданбай Бактыгуловдун жетекчилигинде  түзүлгөн «Курулуш, архитектура тармактарындагы атоолордун, сөз айкаштарынын кыргызча-орусча/орусча-кыргызча сөздүгү» - «Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү» программасынын алкагында жарык көрдү.

Бул сөздүк курулуш тармагында билим алып жаткан жаш муундарга, адистерге, жаштарга билим берип жаткан окутуучуларга жана эне тилин сүйүүчүлөргө колдонмо курал катары чоӊ жардамчы болот. Ошондой эле кыргыз тили жаӊы техникалык атоолор менен байытылды деп ойлойбуз.

Биздин колледждин сүйүктүү агайы т.и.к., доцент Каданбай Бактыгулов баштаган  түзүүчүлөрдүн тобуна жана эмгеги өткөн инсандарга тереӊ ыраазычылык билдиребиз.