Кесиптик колледжибиздин мүдүрү доц. м.а. Махмут Вурал жана Мектепке чейинки билим берүү программасынын окутуучусу Гулзаада Абдралиева сектордук кызматташтык сапарларынын алкагында 2024-жылдын 17-сентябрында Учур бала бакчасына барышты жана директор Ширин Ыскак айым менен жолугушту.
Жолугушууда кыргыз тилинде билим берүү жөнүндө маңыздуу маек куруп, кыргыз баалуулуктары жана кыргыз тили жөнүндө кеп курушту. Ошондой эле, бүтүрүүчүлөрүбүздүн жумушка орношуусу жана студенттерибиздин стажировкадан өтүү жана иштөө мүмкүнчүлүктөрү боюнча талкуунун жыйынтыгында колледжибиз менен Учур бала бакчасына ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу жана 2024-2025-окуу жылында биргелешип жүргүзүлө турган иш-чараларга көңүл бурулду.