КТМУ Кесиптик колледждин окутуучусу Насикат Алиева, 2024-жылдын 24-сентябрь күнү А.Токтоналиев атындагы Бишкектеги финансы-экономикалык техникумунда Экономика илимдеринин профессору Т.К.Камчыбековдун 75 жылдык маарекеси жана Кара-Кыргыз автономиялуу областынын 100 жылдыгына арналып өткөрүлгөн «Кыргыз Республикасында санариптик шартында орто окуу жайларындагы дуалдык билим берүүнү ѳнүктүрүү боюнча кѳйгѳйлѳр» аттуу эл аралык тегерек столго катышты.
Талкуу аянтчасы Кыргызстан, Россия Федерациясы, Германия, Азербайжан жана башка Борбордук Азиядагы өлкөлөрдөн келген бизнес-коомчулуктардын, окумуштуулар жана коомдук ишмерлердин катышуусунда өттү.
Колледжибиздин окутуучусу Насикат Алиева “Дуалдык билим берүүнүн элементтерин интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрү” аттуу докладын сунду. Доклад абдан кызыктуу болгондуктан, окутуучубузга “Ыраазычылык кат” тапшырышты.