2024-10-07

Белгилүү ишкер, “Шорону” негиздегендердин бири Жумадыл Эгембердиев биздин колледжде болду (1-октябрь, 2024-жыл)


2024-жылдын 1-октябрь шейшемби күнү доценттин м.а. Гулнара Караданиздин демилгеси менен “BRY-105 KG Менеджменттин негиздери” сабагынын алкагында  семинар-тренинг уюштурулду.  Семинердин коногу белгилүү ишкер, “Шорону” негиздегендердин бири Жумадыл Эгембердиев колледжибиздин студенттери менен жолугушуп кесиптик тажрыйбалары жана ишкерлик жолундагы сапары тууралуу бөлүштү. Эгембердиев студенттерибизге дипломдон кийинки карьера мүмкүнчүлүктөрү, Кыргызстандагы маркетинг, бизнес ачуу процесси жана бул процессте жолуга турган кыйынчылыктарды айтып берип, студенттерди шыктандырды.

Семинарда Жумадыл Эгембердиев маркетинг кесибинде адистешүү жана жеке иш ачуу боюнча маанилүү маалыматтарды берип, студенттерге кесиптик жолунда эмнелерге көңүл буруу керектигин баса белгиледи. Айрыкча бизнес ачуу процесси учурунда ишкерлик жөндөмдөрдүн канчалык маанилүү экенине токтолуп, катышуучуларга иште ийгиликке жетүүнүн сырлары менен бөлүштү.

Катышуучулар Эгембердиевдин тажрыйбаларын угуп, өз кесибине жаңы көз караштарды алышты. Бул семинар кесиптик колледжибиздин студенттеринин арасында чоң кызыгуу жаратты.