2021-10-25

Студенттерибиздин арасында логотип сынагы болуп өттү


Студенттерибиздин арасында логотип сынагы болуп өттү

Корпоративдик өзгөчөлүгүбүздү көрсөтүү максатында студенттер арасында кесиптик жогорку мектебибиздин миссиясын жана ураанын эң мыкты чагылдыра турган логотипти аныктоо боюнча сынак өткөрүлдү.

Жалпысынан 10 студент катышкан аталган сынакта биринчи жана экинчи орунду алган Кутман Жумабеков аттуу студентибизге 1750 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык, университетибиздин төш белгиси жана күндөлүк дептери тапшырылды. Ал эми 3-орунга ээ болгон Заманбек Сапарали уулуна 500 сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Биздин сынакка катышкан бардык окуучуларыбызга ыраазычылык билдиребиз.

25-октябрь, 2021-жыл